super.kg logo

Төрөт учурунда жерге түшүп кеткен ымыркай үйүнө чыгарылды

 

Бишкектеги №1 төрөт үйүндө төрөт учурунда жерге түшүп кеткен ымыркай жана анын энеси үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

"Ымыркайдын абалы канааттандырарлык, толук кароодон өттү. Эне, бала ооруканадан чыкты. Бирок ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деди ал.

Эске салсак, социалдык тармактарда төрөт учурунда баласы полго түшүп кеткен келиндин билдирүүсү тараган. Ал төрөтү башталганын дарыгерлерге эскертип, бирок убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяга байланыштуу беш медицина кызматкерине сөгүш берилгенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: