Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курууга тендер жарыяланды
Капиталдык курулуш башкармалыгы 2 кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, объект Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө, Ленин районунун Семетей көчөсүндө курулат.
"Жалпы аянты 1,264 гектар. Сметалык наркы 110 миллион 840 миң 557 сом. Быйылкы жылга 39 миң сом каралган", - деп жазылат маалыматта.
Толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында (http://www.zakupki.gov.kg/) жарыяланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.