super.kg logo

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын аскердик техникасын жаңылоого канча каражат корогонун айтты

 

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнүн коргоо тармагын каржылоо маселеси тууралуу айтып берди.

"Аскердик техникаларды жана курал-жарактарды масштабдуу түрдө жаңыладык. 2005-2020-жылдары 3-5 миллиард сом жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард сом, 2022-жылы 53 миллиард сом жумшалган. Эки жылда каржылоо 85 миллиардга жакынды түздү. Быйыл бир эле жарым жылдыкта 40 миллиарддан ашуун каражат бөлүндү. Бул деген 2 жарым жылда 120 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү дегендик. Бул өтө масштабдуу жаңылануу деп эсептелет", - деди Ташиев.

Ташиев бур каражаттарга дүйнөдөгү көп мамлекеттер сатып ала элек "Байрактар", "Аксүнгүр", "Акынжы" сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттарды, "Печора" сыяктуу заманбап абадан коргонуучу аскердик техникаларды жана Ми-8, Ми-17 тик учактар сатылып алынганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: