super.kg logo

"Миллиард сом жок". Ташиев "Коррупцияны көрүп үрөйүм учту" деген Динара Кутманова боюнча билдирүү жасады

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-июлда өтүп жаткан жыйында министрлерге эскертүү берип жатып, мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын ишин сынга алды.

Ташиевдин айтымында, Кутманова иштерге жалаң жакындарын аралаштырган.

"Кечээ эле араңыздарда отурган Жаратылышты коргоо министри болгон Кутманова деген эжекебиз бар эле. Ошол жерде "Жаратылышты коргоо" фонду болгон, ага Кумтөрдөн жылына 4 миллион доллар каражат бөлүнүп турган. Акыркы эки жарым жылда 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. 110дон ашык долбоор иштетилген, бүгүнкү күндө 1 дагы долбоордон эффект жок, миллиард сом акча жок. Жалаң баласын, сиңдисин, досторун, туугандарын бардыгын аралаштырып алган. Ушунун баары иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Ушунун негизинде жазасын алышат.

Ошондуктан азыр кызматтамын, эртең кетип калсам билинбей калат дебегиле, кууп жүрүп болсо дагы жазалайбыз. Урматтуу менин коллегаларым! Силерге мен ачык айткым келип жатат, бул жөнөкөй гана силерге эскертүү", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган.

Ал кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: