super.kg logo

Төө-Ашуудагы тоннелде кайрадан маал-маалы менен чектөө киргизилет  

 

Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннелде 20-июлдан тарта жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматта буга тоннелдин эски асфальт-бетон катмарын сыйрып алуу, жаңы асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлөрү себеп болгону айтылат. Мындан улам 20-июлдан 26-июлга чейин жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Чектөө графиги:

- Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;

- Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;

- Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.

Буга чейин Төө-Ашуудагы тоннелдеги чектөөлөр узартылгандыгы тууралуу маалымат берилбегендигине айдоочулар нааразычылыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: