"Уюшкан кылмыштуу топтор жоюлат". Ташиев кримтөбөлдөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды
Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш мындан ары күчөтүлөрүн белгиледи.
"Кыргызстанда УКТ, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу деген нерселер болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал кримтөбөлдөргө кайрылуу жасап, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.
"Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы - Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтордун жетекчилери, Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер Кыргызстандан чыкпаган УКТнын жетекчиси болсо ал жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам",- деди атайын кызматтын башчысы.
Министрлер кабинетинин жыйыны 20.07.23
Министрлер кабинетинин жыйыны 20.07.23
