Өлкөдө жылдын аягында бюджеттин кирешеси 557,5 миллиард сомго жетүүсү күтүлүүдө
Финансы министрлиги бүгүн, 20-июлда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы бюджеттин негизги жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, консолидацияланган бюджетинин ресурстары акыркы жылдары кыйла өсүүдө. Анда 2005-жылдан 2010-жылга чейин, 6 жылдын ичинде өсүш 66,1 миллиард сомду түзгөн. Орточо жылдык өсүш 11 миллиард сом болгон.
Ошондой эле 2010-жылдан 2017-жылга чейин, 8 жылдын ичинде 133,1 миллиард сомго өскөн. Орточо жылдык өсүш 16,6 миллиард сом болгон. 2017-жылдан 2020-жылга чейин өсүш аз болуп 18,2 миллиард сомго жеткен.
"Ал эми консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын олуттуу өсүшү 2021 – жылдан башталган (65,3 миллиард сом). 2022-жылы көрсөткүчтөр олуттуу суммаларга жетти – 442,8 миллиард сом. Бир жылдын ичинде өсүш 129,7 миллиард сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары 2023-жылдын бюджети бекилип жатканда ресурстар 503,4 миллиард сом деп пландалган. Ушул жылдын 6 ай жыйынтыгы боюнча ресурстар жылдын аягына чейн 557,5 ммллиард сомго жетүү күтүлүүдө.
