Ысык-Көлдө тыгын жаратып жаткан унаа жолдун бир тарабына асфальт төшөлүп бүттү (фото)





Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейин) аралыгындагы жолдун бир тарабы бүткөрүлүп, экинчи тарабына асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, учурда жол курган компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
"Унаа жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Анын 96 чакырымына калыңдыгы 9 сантиметр болгон асфальтобетондун төмөнкү катмары төшөлүп, 8 чакырымына төшөө жумуштары калды. Ал эми 81 чакырым жолго калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальтобетондун жогорку катмары төшөлүп бүттү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөн Бишкекке келе жаткандагы жолдо унаалардын узун кезеги пайда болгон. Ага Балыкчы-Корумду унаа жолунун жогорудагы тилкесинин бир тарабы жабык болгон себеп болгон.
