Ички иштер министри Улан Ниязбеков Анкарага иш сапары менен барды







Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков 20-июлда Түркиянын борбору Анкарага иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдирген, Ниязбеков Түркиянын жаңы ички иштер министри Али Йерликая менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Улан Ниязбеков кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, ошондой эле эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгиледи.
«Түркияга бир нече жолу барып, ИИМдин ишмердүүлүгү жана реформалары менен таанышып, кесиптештерибиздин ийгиликтүү тажрыйбасын кыргыз милициясынын ишине киргизип жатабыз. Ошондой эле түрк адистери коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча окууларды өткөрүштү, ошондой эле кыргызстандыктарга Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу жогорку окуу жайларынан орундар берилүүдө. Мындан тышкары, мекенинде оор кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо жана өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлдү. Эки өлкөнүн тынчтыгы үчүн өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да бекемдей беребиз деп ишенем», - деди Ниязбеков.
Мындан тышкары Улан Ниязбеков биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттары трансулуттук, наркотикалык, киберкылмыштуулук жана экстремизм менен күрөшүү экенин белгиледи.
Ал эми Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жакындан жардам көргөзгөн кыргыз элине терең ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди.
