super.kg logo

Бишкектин "Тазалык" ишканасы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирди

 

Бишкектин “Тазалык” муниципалдык ишканасы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардык прокуратура «Тазалык» ишканасына текшерүү жүргүзүп, атайын беш техниканы сатып алууга мыйзамсыз келишим түзүлгөнүн аныктаган.

"Ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдеген да, аныктаган да эмес. 2022-жылдын сентябрь айында “Г” ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок аталган коом келишим түзүүдөн баш тарткандыгына карабай “Тазалык” ишканасы ага 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, 2022-жылдын 5-октябрында “Тазалыктын” мурдагы директору К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атайын техникаларды “K” ЖЧКсынан 4 миллион 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган. Ошондой эле коом келишимде каралган алып келүү мөөнөтүн бузгандыгы боюнча 3 миллион 10 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлгөн жок.

Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 миллион 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: