Инфляцияга жараша электр энергияга болгон баа жыл сайын көтөрүлөрү айтылды
Мындан ары электр энергиясына тариф жыл сайын инфляцияга жараша бекитилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин тариф саясаты өзгөрбөйт. Тариф саясаты инфляцияга байланган жана ал жыл сайын өзгөрүп турат. Бул электр энергиясы жыл сайын кымбаттайт дегенди билдирет.
"Инфляцияга жараша тариф жыл сайын көтөрүлөт. Жакында эле 23 тыйынга көтөргөнбүз. Быйыл инфляция 13,9 болду, ушул деңгээлге жараша тарифти көтөрдүк. Ар бир товардын өзүнүн баасы болушу керек. Кийинки жылы инфляция кандай болорун билбейбиз, балким, жыл сайын 15, 25 же 30 тыйынга чейин көтөрөбүз", - деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф көп жылдардан бери өзгөргөн эмес. Көбөйүү ушул жылдын май айында орун алган.
