Чолпон-Атада жол коопсуздугу күчөтүлдү
Чолпон-Ата шаарында жол коопсуздугу күчөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында, айрыкча Чолпон-Ата шаарынын ичинде, автобекетинде жана Балыкчы шаарынын айланма жолунда унаалардын саны көбөйүүдө. Ошондой эле пансионаттардын, санаториялардын жана лагерлердин айланасында туура эмес токтотулган унаалар дагы көп болууда.
Ага ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол кыймылын жөнгө салуу үчүн жол тыгындарын болтурбоо максатында атайын кайгуул постторун уюштуруп, күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.
"ЖКККББ Ысык-Көл облусуна келген айдоочулар жана эс алуучулардан башка жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдуктарды жаратпастан автоунааларды жол жээктерине калтырбай, туура эмес жерлерге токтотпоону өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.
