Бишкек мэриясында жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Биринчи Май райондук комиссиясында 60 маселе каралып, алардын ичинен 14 материал боюнча оң чечим кабыл алынды. Ошондой эле 6 маселе тиешелүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн калтырылып, 40 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкек башкы архитектура" башкармалыгына жөнөтүлдү.

Ага ылайык, Свердлов районунда 82 маселе каралып, алардын ичинен 48 материалга оң чечим кабыл алынды. Ал эми 4 материал толуктап иштеп чыгуу үчүн тийиштүү кызматтарга кошумча изилдөө үчүн жиберилип, 30 материал шаар куруу корутундуларын берүү маселесин кароо үчүн "Бишкек башкы архитектура" башкармалыгына жөнөтүлдү.

"Урматтуу шаардыктар! Документтерди кабыл алуу күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Тунгуч кичи району, 57 (Жеке турак жай жана шаар куруу департаменти) дарегинде кабыл алынат. Байланыш телефондору: 0312 979297, 0312 97 94 54", - деп билдирди калаа мэриясынан.