Казакстанда асынып алган келин тууралуу ТИМ билдирүү таратты
Казакстандагы асынып алган кыргызстандык келин 2021-жылы Кыргыз жарандыгынан чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан бул маалымат боюнча ыкчам маалымат алуу үчүн окуя болгон жерге барышты. Анда Казакстандын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, кырсыкка учураган Б.к.А., 1994-жылы Ошто төрөлгөн. Ал Казак жаранына турмушка чыгып, 2021-жылы Казак жарандыгын алган.
"Көмөк көрсөтүү максатында Алматы шаарындагы кыргыз диаспоранын жетекчисине маркумдун жакындарына кабар берүү үчүн маалымат жеткирилген"-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн бирдиктүү реестринде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча катталган.
Эске салсак, бул окуя Алматынын Мамыр конушунда кечээ, 20-июлда кечинде болгон. Окуяга күбө болгондордун айтымында, аял үйүнүн кире беришиндеги турникке асынып алган.


