super.kg logo

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү маселесин талкуулашты

 

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Кытайдын "Жибек жолу" фондунун президенти Цай Сюэцзюнь менен биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу кечээ, 21-июлда аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, министр 2022-жылга карата соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында тараптар эки тараптуу өнүктүрүү фондун түзүүнүн үстүндө иштөөнү макулдашканын белгиледи.

Ага ылайык, Данияр Амангелдиев бир катар келечектүү жана ири мамлекеттик долбоор демилгелерин белгилеп, аларды ишке ашырууга "Жибек Жолу" фонду сыяктуу ири инвестициялык фонддор катыша аларын кошумчалады.

"Цай Сюэцзюнь фонд Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга кызыкдар экенин жана аларды каржылоонун эффективдүү механизмдерин, инструменттерин сыноо үчүн баштапкы этапта пилоттук долбоорлорду кароого даяр экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун ишке киргизүү боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандын каржы секторунун потенциалын биргелешип изилдөөнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: