Транспорт министри Ноокат жолунун курулушу боюнча маалымат берди (сүрөт)





Ноокаттын жолу эл аралык маанидеги жол, министрликтин тарыхында биринчи жолу мамлекеттик ишкана республикалык бюджеттин каржылоосу менен куруп жатат. Бул тууралуу кечээ, 21-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.
Министрдин айтымында, бул иштер президенттин колдоосу менен иш бекитилген пландын негизинде жүрүп жатат. Ноокаттын жолу 2016-жылдан бери убада бойдон калып башталбай келген. Аталган жол министрдин жана жогорку кызматтагы жетекчидердин көзөмөлүндө болот.
«Ноокаттын жолу жеке мага эле эмес, жаңыдан түптөлүп келе жаткан «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына дагы чоң сыноо. Жетекчилик талап кылган мөөнөттө бүтүрүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Ошол эле учурда сапатына дагы абдан басым жасап, бардык талаптарды так сактоо тапшырмасын тиешелүү жетекчилерге бердим.
Мамлекет башчыбыздын колдоосу менен амбициялуу долбоорлорду баштадык. Буга чейин өлкө жолдорун көбүнчө чет өлкөлүк жеке компаниялар куруп келсе, эми мамлекеттик ишкана куруп баштады. Мамлекеттик жана ата мекендик жеке компанияларга ишенбей жүрө берсек, жолдорду курууда тажрыйбабыз жок болуп, ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көпчүлүгү сыртка чыгып кетмек», - деди министр.
Ишканага караштуу №2 Жол курулуш башкармалыгынын Ош – Баткен – Раззаков мамлекеттик маанидеги унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910-чакырым аралыгында аткарган жумуштарынын тизмеси:
1-бөлүк боюнча:
- 18 суу өткөрүүчү түтүк толугу менен коюлуп, 3 түтүктү орнотуу иштери ортолоп, калган 2 түтүктү коюу иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча жалпысынан 23 түтүк каралган;
- ылдыйкы шагыл катмар (собгрейд) – 4360 чарчы метр бүткөрүлдү;
- ортоңку шагыл катмар (соббейс) – 4360 чарчы метр бүткөрүлдү;
- үстүңкү шагыл катмар (Бейс материалын даярдоо) – 2000 чарчы метр бүткөрүлдү;
- 30 даана жол куруу техникасы, айдоочулар, жумушчулар жана механизаторлор болуп жалпы 70 жумушчу иштеп жатат.
2 бөлүк боюнча:
- 12 түтүк толугу менен коюлуп, калганында иштер жүрүп жатат. План боюнча 27 түтүк каралган;
- ылдыйкы шагыл катмар (собгрейд) – 3550 чарчы метр бүткөрүлдү;
- ортоңку шагыл катмар (соббейс) – 3550 чарчы метр бүткөрүлдү;
- үстүңкү шагыл катмар (Бейс материалын даярдоо) – 1600 чарчы метр бүткөрүлдү.
- битум аралашмасын чачуу – жолдун оң тарабында 1070 чарчы метр бүткөрүлдү;
- асфальттын астыңкы катмарын төшөө – жолдун оң тарабында 300 чарчы метр бүткөрүлдү;
- 40 жол куруу техникасы, айдоочулар, жумушчулар жана механизаторлор болуп жалпы 80 киши иштеп жатат. Жалпысынан 150 жумушчу, 70 жол техникасы тартылган.


