Селекциядагы суу көйгөйү. Бакыт Балбаевдин карындашы агасынын камалганына нааразы болду
Селекцияда суунун жоктугунан пикетке чыгып, эки айга камакка алынган Бакыт Балбаевдин бир тууганы агасын күнөөсү жок камап койгонуна нараазы болуп SUPER.KG порталына кайрылды.
"Агам май айынан бери суунун жоктугунан Селекциянын бардык жашоочулары менен биргеликте эле жаран катары чыккан болчу. Менин агам эч кандай уюштуруучу эмес. Эл катары эле "суу жок, суу бергиле" деп жүргөн. Пикетке чыккандардын баары кечинде тарап кеткенден кийин милиция кызматкерлери келишип " байке түшүнүк кат жазып берип койсун" деп, саат 18:00дө алып кетип мыйзамсыз эле камап салышты", - деди шектүүнүн карындашы Айша Балбаева.
Ошондой эле ал милиция кызматкерлери агасы менен жолуктурбай койгондугун айтып, мыйзамсыз камап койгонуна нааразы болду.
"Мынтип алып барып камап койгон мыйзамда да жок экен. Агам күнөөлүү эмес, кайрадан жабырлануучу болуп калды. Анан биз тергөө кызматкерине барып айтсак, "эч нерсени билбейм. Айтпайм" деп жолуктурган жок. Бере турган нерселерди эле бердик. Ошондон кийин эле 48 саатка камап, түнкү 12де соттун чечими менен эки айга камап салды. Бизди жолуктурбай жатат. Агамдын жактоочусу да "эч кандай мыйзам бузган жок, камап сала тургандай" деп айтты", - деди ал.
Белгилей кетсек, учурда Селекция конушунда суу көйгөйү чечилди.
Эске салсак, 14-июлда Селекция конушунда "эки айдан бери суу жок" деп жергиликтүү тургундар пикетке чыгышкан. 15-июлда шектүү катары блогер Эртай Искаков менен биргеликте эки жаран 1974-жылы туулган Б.Б. жана 1972-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми 17-июлда блогер Эртай Искаков, Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов Бишкектеги СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган.


