Өлкөдө жыл башынан бери 3 миң 400 жумушсуз адамдар окутулуп, жумуш менен камсыздалды
Өлкөдө жарым жылда Эмгек министрлиги 3 миң 400 миң жумушсузду окутуп, алардын жарымын ишке орноштурду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиенен билдиришти.
Маалымдалгандай, жыл башынан бери шаардык жана райондук ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 10 миңден ашык жаранга кесиптик багыт берүү боюнча консультациялар берилген. Алардын 5 миң 100ү жумушсуздар, 4 миң 900 жалпы билим берүүчү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары.
Ага ылайык, мектеп окуучуларынын кесиптик чеберчиликтерин аныктоо үчүн кесипке багыт берүү боюнча тесттер уюштурулду.
"Министрлик жаштардын кесип тандоосуна көмөктөшүү жана өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу максатында Жалал-Абад, Талас, Өзгөн, Бишкек, Ош, Нарын, Каракол шаарларында атайын кесипке багыт берүү борборлору иштеп, каалоочулар кеп-кеңеш алып, эмгек рыногу менен кеңири таанышып, кайсы кесипке, кайсыл жерде суроо-талап көп, кайсыл жерде бекер окуса болорун тактады", - деп айтылатта маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда жумушсуздар компьютердик оператор, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасагыч (маникюр), массажист, котормочу, эсепчи, автоайдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, бычмачы сыяктуу популярдуу кесиптерге билим алышат.
Ошондой эле өлкөдө алты айда 3 миң 400 жумушсуз окутулуп, алардын 57 пайызы иш менен камсыз болгон.
