super.kg logo

 Садыр Жапаров өлкөдө эмне себептен суу тартыш болуп жатканын айтты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде өлкөдө болуп жаткан суу тартыштыгы маселесине токтолду.

Президент суу тартыштыгы жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы менен байланыштуу экенин белгиледи.

Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби - эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин, БДРдин, суу сактагычтын курулбагандыгы (ред:. БСР – күн сайын жөнгө салынуучу бассейндер (бассейны суточного регулирования)). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.

БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен бардык маселени командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык көйгөйлөрдү, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп, чыдаш керек. Убакыт керек, баарын чечебиз”, - деди мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: