Бишкекте эртеңден тарта бир катар маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт (тизме)
25-июлдан 5-августка чейин Бишкектеги айрым автобус жана кичи автобустардын кыймылы убактылуу өзгөрөт.
Калаа мэриясынан билдиргендей, өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуу "Электр станциялары" ААК филиалы – "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы Гоголь көчөсүндө Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин жер иштерин жүргүзөт.
Буга байланыштуу төмөнкү коомдук транспорттордун кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү:
- №35 автобустук каттам Москва көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, Сүйүмбаев көчөсү менен Чүй проспектисине чейин жана андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
- №48 автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.
- №131 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча каттайт.
- №121 кичи автобустук каттам Гоголь көчөсү, Токтогул көчөсү, Ибраимов көчөсү, Москва көчөсү менен каттап, андан ары жол кыймылынын схемасы боюнча жүрөт.


