Кыргыз-тажик чек арасындагы абал: Тараптар бир нече чечимдерди кабыл алышты
Бүгүн, 25-июлга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалымдалгандай, кечээ, 24-июлда Баткендеги Дача жергесинде эки тараптын жарандарынын ортосундагы чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында чек ара өкүлдөрүнүн жана күч түзүмүнүн жетекчилери жолугушкан.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:
- Укук коргоо органдары тарабынан коюлган көзөмөл-өткөрүү пункттарын алып салуу;
- Чек ара аймактарында чыр-чатактарды болтурбоо боюнча чараларды көрүү;
- Милиция менен Ак-Сай (Кыргызстан) - Ходжай-Аало айылы (Тажикстан) каттамы боюнча биргелешкен күзөттөрдү жүргүзүү;
- Окуя боюнча иликтөө жүргүзүү, ага тиешеси бар адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу.
Ошондой эле тажик тарап кыргызстандык милиция кызматкеринин унаасына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө даяр экендигин билдирген.
Учурда Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмүнүн жетекчилери “Кызыл-Бел” өткөрүү бекетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эске салсак, кечээ, 24-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага жакын аймактардын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккандыгы маалымдалган.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын эки жараны (Ак-Сай айылынын тургундары) жеке автоунаада Ак-Сай - Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Ворух (Тажикстан) анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан.
Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен. Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан.


