Айгүл Жапарова Ысык-Көлдө биринчи жайкы чыгармачыл мектебин ачты







Кечээ, 24-июлда Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык комплексинде биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ала-Тоо симфониясы" аттуу биринчи жайкы чыгармачыл мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Орусиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский, Жогорку Кеңештин депутаттары жана белгилүү маданият ишмерлер катышты.
Биринчи айым өз сөзүндө Орусиянын аты аталган музыка академиясынын профессорлоруна жана окутуучуларына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары эки өлкөнүн достугун жана маданий карым-катнашын чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдой тургандыгын белгиледи.
"Маданиятты, классикалык музыканы жана балетти өнүктүрүү мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Аларда биздин улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берген улуттук байлыгыбыз жатат. Ошондуктан бул чөйрөлөрдү ар тараптуу колдоо мен үчүн маанилүү", - деди Жапарова.
Маалымат үчүн: Бул аянтча 23-июлдан тарта иштей баштаган. Ысык-Көлдүн жээгине Москвадан Орусиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын профессорлору жана окутуучулары, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген музыкалык мектептердин таланттуу студенттери, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри жана балет группасы келишти. Жайкы мектептин алкагында Кыргызстандын таланттуу музыканттары үчүн музыкалык искусство чөйрөсүндөгү көрүнүктүү ишмерлер мастер-класстарды, сабактарды жана лекцияларды өткөрүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.