Кыргызстанда март айынан бери 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды
Өлкөдө март айынан бери 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда.
"8-марттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, унаа башкаруу укугунан ажыратылды.
ЖКККББгы мындан ары да, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде рейддик иш-чараларды күчөтөт", - деп жазылат билдирүүдө.


