super.kg logo

Ысык-Көлдөгү кырсык: Садыр Жапаров суу транспортун тартипке салуу тапшырмасын берди

 

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", - деп жазды Султанбаев фейсбук баракчасына.

Эске салсак, бүгүн, 25-июлда Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде скутердин айдоочусу көлдөгү 3 адамды сүзүп кетип, анын экөө каза болгону тууралуу маалымат чыккан. Көп өтпөй милиция маалымат таратып, моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганын билдирген. Кырсыктан 3 адам оор жаракат алып, экөө ооруканада каза тапса, бирөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: