super.kg logo

Кыргызстанда 1753 адам алимент төлөбөгөнү үчүн издөөдө жүрөт

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда убагында алимент төлөбөгөн 1 753 жаран издөөдө жүрөт. Алардын баары эркектер. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сот департаментинен маалымдашты.

Сот департаментинин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө алимент төлөбөй жүргөн 40 миң 194 адамга арыз түшкөн. Анын ичинен алимент үчүн издөөдө жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү (913) Жалал-Абад облусунун тургундары. Ал эми Ош облусу боюнча - 276, Баткен - 248, Чүй - 196, Талас - 51, Ысык-Көл - 47, Бишкек - 13, Нарын - 9 жаран издөөдө жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин юрист Талгат Абдыжапаров суроолорубузга жооп берип жатып, алимент төлөбөгөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси менен 20 миңден 50 миң сомго чейин айып салынып, кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартыларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: