26-июлга карата аба ырайы
26-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорундаөткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39,
Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,
Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35,
Бишкекте түнкүсүн +23…+25, күндүз +37…+39 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.