Ошто 100 орундуу бала бакчанын курулуш иштери аяктап калды





Ош шаарындагы "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгында жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, шаар мэри Бакытбек Жетигенов 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен таанышты.
Белгилей кетсек, курулуш иштери 90 пайызга бүттү. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө.
Ага ылайык, бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында аяктары айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.