“Жер участокторун трансформациялоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июлда президент Садыр Жапаров аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.
Жогорудагы мыйзамдарга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
– сугат айдоо жерлерин Кыргызстандын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропорт куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) мораторий жайылтылбайт;
– айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготуулары, жоготулган пайдасы аэропортту куруу жана аэропорттордун аймактарын кеңейтүү үчүн жерлерди которууда, мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана жарандардын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында аныкталган мамлекеттик милдеттерди ишке ашырууда орду толтурулбайт.
Белгилей кетсек, мыйзам ушул жылдын 15-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал инвестицияларды тартуу, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана жарандар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
