Өлкөдө жол кайгуул кызматкерлеринин кызматы онлайн көзөмөлдөнүп баштады (сүрөт)






Кыргызстанда мындан ары жол кайгуул кызматкерлеринин кызмат өтөөсү онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт. Кызматкерлердин ишмердүүлүгүн 24 саат бою көзөмөлгө алган боди камералар орнотулууда.
Ага ылайык, бул камералар кызматкерлердин көкүрөк төшүнө же ийининдеги погонунун астына орнотулуп, кызмат өтөө учурундагы бардык кыймыл-аракеттерин онлайн көрсөтүү менен видео жана аудио форматта жазып сакталат. Жаздырылган видеолорду ИИМдин жетекчилиги көзөмөлдөп турат.
"Айрыкча, кызматкерлердин кызмат өтөө учурундагы айдоочулар менен болгон мамилесин, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын, коррупциялык элементтерге жол бербөөсүн, чыр-чатак боло турган учурунда керектүү далил фактылардын жазылуусун, бөлүнгөн күзөт чарчыларынын кырдаалдык абалы көзөмөлдөнүп турат. Ошондой эле жоопкерчиликтен оңой кутулуу үчүн акча сунуштаган айдоочулардын сүйлөгөндөрү видео форматта жаздырылып, онлайн мониторинг жүргүзүү менен тийиштүү чаралар көрүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул камераларды Ысык-Көлдө кызмат өтөп жаткан кызматкерлер колдонууда. Бүгүн Чүй облусунун кызматкерлерине берилет. Ошондой эле алдыңкы күндөрү ЖКККББнын жер-жерлердеги бардык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлери да алышат.


