Бишкекте таштандыларды кабыл алуучу жаңы контейнердик аянтчалар орнотулууда




Бишкекте Токтогул жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде катуу тиричилик таштандыларын өзүнчө чогултуу үчүн заманбап контейнер аянтчасы пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда калаа мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аянтча таштанды контейнерлерин сактоо үчүн модулдардан турат. Ошондой эле тиричилик таштандыларын сорттоонун пайдасы жөнүндө маалымат такталары жана өндүрүүчү компаниянын QR-коду бар.
"Мындан тышкары, аянтчанын маңдайында ошол эле компаниянын акылдуу интерактивдүү коомдук транспорттук аялдамасын орнотуу кызуу жүрүүдө. Ошону менен бирге Токтогул көчөсүнө Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түндүк тарабынан 10 даана жаңы көчө чырактары орнотулду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, пилоттук долбоорду ишке ашыруу Биринчи май районунун акимиаты менен ишкерлердин кызматташуусунун алкагында, "Чайкоф" кофейнясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылып жатат.


