super.kg logo

Төрага Шакиев Аксы районунун Жаңы-Жол айылына жаңы мектеп курууну тапшырды

 

Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районуна болгон иш сапарынын алкагында билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Жаңы-Жол айылында жайгашкан №10 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин биринчи корпусу 1964-жылы ашар жолу менен курулуп, азыркы учурда авариялык абалда. Жалпы 900гө жакын окуучу билим алган мектептин корпустарын көрүп чыккан төрага архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловго жаңы окуу имаратын куруу тапшырмасын берди.

Шарт-жагдайдын начардыгына карабай быйыл эле аталган мектептин үч окуучусу республикалык деңгээлдеги предметтик олимпиадада алдыңкы орунду багынтып, бир окуучусу физика-математика боюнча Германияда өткөн дүйнөлүк мелдеште ийгилик жараткан. Андыктан төрага бардык шарты менен курулган, заманбап мектеп жүздөгөн таланттуу балдардын тарбиялануусуна өбөлгө түзөрүн кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда мамлекетте жүргүзүлүп жаткан акыркы реформалар тууралуу сөз кылган Шакиев мектептерди жана бала бакчаларды курууга, агартуучулардын айлык маянасын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мисал катары азыркы тапта Аксы районунда эле алты жаңы мектеп курулуп жатканын айтып, анын төртөө быйыл ишке берилерин кошумчалады

"Андан соң төрага Райымбек Темиров атындагы мектепке барып, имаратын көрүп чыкты. 1996-жылы ашар жолу менен курулган окуу имараты азыркы учурда авариялык абалда. Андыктан төрага тиешелүү жетекчилерге кийинки жылы жаңы мектеп куруу талабын койду.

Мугалимдер менен өткөрүлгөн жолугушууда агартуучулар тендер маселеси жоюлганына кубангандыктарын белгилешип, тендердин айынан балдарга сапатсыз тамак-аш берилип калган учурлар катталганын жүйө келтиришти", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев аталган эки мектепке тең заманбап компьютерлерди тапшырганы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: