27-июлга карата аба ырайы
27-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38,
Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Нарын дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Бишкекте түнкүсүн +22…+26, күндүз +36…+38 градус болот.
