Кечээ, 26-июлда Бишкектин түштүк аймагына инженердик тармактарды куруу маселесин чечүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкекте "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетова Капиталдык курулуш башкармалыгынын, "Бишкек сууканал" башкармалыгынын, ошондой эле Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын болду.

Ага ылайык, жеринде архивдик схемалар изилденип, борбордун түштүк пландоо зонасында жана Аламүдүн районунда инженердик тармактарды өткөрүү үчүн бөлүнгөн аймактар изилденди.

"Айрым курулушчулар жер тилкелерин өздөштүрүү шарттарын сактабай, ошону менен инженердик тармактарды курууга тоскоолдук кылып жатышат. Жыйындын жыйынтыгында маселени мындан ары да иликтеп, белгиленген тартипте ишти улантуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Маалымдама: Бишкек шаарынын түштүк пландоо зонасы деталдуу пландоо долбоору болуп саналат.