Иранда букмекердик кеңселерди жарнамалаган блогер өлүм жазасына тартылды
Иранда букмекердик кеңселерди жарнамалаган блогер Милад Хатами өлүм жазасына кесилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Иранда Тегеран трибуналы букмекердик кеңселерди жарнамалап, кумар оюндары менен миллиондогон акча табууга болот деген блогер Милад Хатамидини дарга асууга өкүм кылды.
Соттолуудан качып жүргөн Хатами Түркияда кармалган. Ал жерде 2 жыл аралыгында соттолуп, 2021-жылы Интерполдун өтүнүчү менен Иранга экстрадицияланган.
959 миң катталуучусу бар делген блогердин баракчасы жабылды. Аталган баракча сот органдарынын буйругу менен "кылмыштуу материалдардын жарыяланышына байланыштуу" жабылганы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-07-15
21:23
2025-07-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.