Бишкекте мыйзамсыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду
Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү, 8 дарегинде уруксаты жок көп кабаттуу турак жайдын курулушу аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу "Кыргыз Интер Строй" ЖЧКсына "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилгендиги кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.