super.kg logo

Бишкекте унаа жуучу жайлардын, мончолордун иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынды 

 

Бишкекте ичүүчү сууга болгон бардык чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада ичүүчү суу боюнча абалдын жакшырышына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.

"Аталган объектилердин ээлери "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат.

0312 56 60 12 - Ленин району;
0312 56 60 86 - Биринчи май району;
0312 59 51 61 - Октябрь району.

Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.

Кырдаалдагы оң өзгөрүүлөргө карабастан "Бишкексууканал" башкармалыгы бардык тараптарды мындан ары да суу ресурстарына кам көрүүгө жана ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: