1 жарым жаштагы Томериске дагы 15тей операция жасалат. Кыздын апасы коомчулукка кайрылды (видео)
Бир жарым жаштагы Томерис Нурланбекова "артрогрипоз" дарты менен төрөлгөн. Ал учурда Орусиянын Санк-Петербург шаарында ооруканада. Анын жасалган операциясына 975 миң рубль керектелип, сумманы ушул жылдын 10-августуна чейин төлөш керек. Бул тууралуу апасы Нурзаада Сеиткан кызы SUPER.KG порталына кайрылганда айтты.
Апасынын айтымында, кызы Томериске алдыда дагы операция жасалышы күтүлөт. Ага аталган суммадан тышкары дагы акча каражат керектелет. Ошол себептен элден жарадам сурап кайрылууда.
"Кызым Томерис 2022-жылы төрөлгөн. 1 жарым жашта. Томерис төрөлгөндө эле тубаса "артрогрипоз" дарты менен төрөлгөн. Кызымды Кыргызстанда дарылай албай койгондуктан чет өлкөгө алып барууга туура келди. Учурда ал Санк-Петербургдагы "артрогрипоз" оорусун дарылай турган ооруканада жатат. Колуна оперция жасалды. 1 миллион сом акча кетти. Ал акчаны тууган-туушкандарыбыз, досторубуз чогултуп беришкен. Дагы бир миллион акчаны 10-августка чейин ооруканадан чыкканга чейин төлөшүбүз керек. Андан кийин деле ар 6 ай сайын операция болуп турат. Жалпы 16дай операция жасалышы керек экен. Дарыгерлер операция жалпы 5 жылга чейин болорун айтты. Ошого кайдыгер карабаган адамдардан акча жагынан жардам берип коюуңуздарды суранабыз", - деди апасы Нурзаада.
Мындан тышкары ал эки баласы бар экенин, жолдошу 6 ай мурда каза болуп калгандыгын жана учурда кош бойлуу экендигин кошумчалады.
РЕКВИЗИТТЕР:
О! Деньги (бирдик катары деле салууга болот): 0502 879 257
Сеиткан кызы Нурзаада
MBANK: 996 502 879 257; 4177 4901 6539 7201 (VISA)
Сеиткан кызы Нурзаада
OPTIMA BANK (VISA): 4169 5853 5841 6484
Сеиткан кызы Нурзаада
АЙЫЛ БАНК (ЭЛКАРТ): 9417 3785 0987 7039
Сеиткан кызы Нурзаада
СБЕРБАНК: 2202 2036 1270 6616; +7 952 224 24 37
Эсеналиева Гүлбүбү (чоң апасы)
KASPI KZ: 4400 4302 2672 2673
Эсеналиева Гүлбүбү
кошулду
Томерис Нурланбекова


