super.kg logo

Ысык-Көлдө катуу шамалдан улам көлдүн терең жерине кетип калышкан балдар куткарылды

 

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери көлдүн терең жерине кетип калышкан өспүрүм балдарды куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ички иштер министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, үч өспүрүм көлдүн үстүнөн үйлөнмө матрацтары менен сүзүп чыгышкан.

"Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында Ош облусунун Кара-Суу айылынын тургуну үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн. Үй-бүлөнүн үч баласы үйлөмө матрацтар менен көлдөн сүзүүнү чечишкен. Катуу шамал болуп балдар көл жээктен бир чакырым алыстыкка кетип калышкан. Бактыга жараша тартип сакчылары жергиликтүү тургундун кайыгы менен балдарга жетүүгө үлгүрүшкөн. Куткаруучу жилеттерди балдарга кийгизишип, аларды көлдүн жээгине чыгарышкан", - деп жазылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык иштерди жүргүзүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: