"Бишкек троллейбус" башкармалыгынын бөлүм жетекчилери айдоочуларга жол эрежесин сактоо боюнча акыркы аялдамаларда түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга жол кырсыктарын алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Түшүндүрүү иштери ар бир троллейбустук каттамдын акыркы аялдамаларында болду.
Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөм ыкмасына өткөрүү максатында айдоочуларга тулпар карталары таратылып берилүүдө.
Белгилей кетсек, "Тулпар" картанын баасы 50 сом, анын ичинде бир жолку бекер жол жүрүү бар.