"17 кой сатканы кеткен". Кара-Сууда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө

Маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган Жолдошов Элдарбек Искендербекович 23-июль күнү саат 05:00 чамасында Кара-Суу районундагы Больщевик айылында жайгашкан үйүнөн Учкун айылындагы мал базарга 17 баш кой сатканы кеткен боюнча дайынсыз жоголгонун айтып, анын карындашы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Элдарбек Жолдошовдун үстүндө кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук шым, күрөң футболка, башында кара кепка, бутунда кара түстөгү берцы.
Өзгөчө белгилери: бою 170-172 сантиметр, кашы-көзү кара, чачы 2-3 сантиметр. Кара түстө көз айнек тагат.
Кара-Суу РИИБи изделип жаткан жаран оюнча кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге билдирип коюуңуздарды өтүнөт.
Байланыш телефондор: 0553-54-10-10, 0557-54-00-30, 0502-42-21-75
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.