super.kg logo

ИИМде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди

 

Ички иштер органдарынын 137 кызматкерине ар кандай тартип жазалары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМдин жыйындар залында быйылкы жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отурум болуп өттү. Анда коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн алты айдын жыйынтыгы менен 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди.

"Алардын ичинен 63ү жетекчилик курамда иштеген кызматкерлер болуп эсептелет. Коллегиянын чечимдерине ылайык айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелди, айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган отурумда карала тургандыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: