super.kg logo

Кайра шайлоо: Абировдун арызын БШКнын жумушчу тобу карайт

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Абировдун Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн берген арызын жумушчу топ карап чыгарын билдирди.

Абиров шайлоого талапкер катары катышууга 28-июлда арыз берген. Жумушчу топ анын шайлоого катышуу арызы мыйзамга туура келер-келбеси боюнча жыйынтык чыгарып, сунуш берет.

Буга чейин БШКнын эки мүчөсү шайлоо тууралуу мыйзамга таянып, шайлоонун кайра өтүшүнө себепчи болгон жаран талапкер боло албай турганын билдиришкен.

Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, №26 Ленин бир мандаттуу округунда кезексиз шайлоо дайындалып, 28-майда өткөн. Бирок эки талапкер добуш сатып алууга айыпталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Андан соң кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген. Учурда шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.07.2023. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Абиров деген акмак кайсы бети менен шайлоого катышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: