super.kg logo

Ошто милициянын кайгуул кызматкерлери нааразычылык акциясына чыккан окуя иликтенет. Жумушчу топ Ошко келди

 
Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин нааразычылык акциясына чыккан окуяны териштирүү боюнча министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жетектеген жумушчу топ Ош шаарына барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.
"Учурда Ош шаарында коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үзгүлтүксүз жүрүүдө. Жумушчу топ Ош ШИИБинде милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн калган бош кызматкерлери менен жыйын өткөрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышканы маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: