super.kg logo

Садыр Жапаров Оштогу "Төлөйкөн" ат майданын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда Ош облустук "Төлөйкөн" ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 45 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди.

Бүгүнкү күндө иштердин негизги бөлүгү аяктады. Реконструкциялоо долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

- жаңы конференц-зал куруу;
- ат чабыш жолуна жана көк-бөрү оюн талаасына кум төгүү;
- негизги трибунаны капиталдык оңдоп-түзөө, жаңы 4 040 орундук жана кошумча трибунанын үстүнө бастырма орнотуу;
- сырткы жарыктандырууну орнотуу;
- жаңы тосмолорду орнотуу.

Президент Жапаров курулуш иштеринин жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, ат майданын капиталдык реконструкциялоону мерчемделген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган ат майданда 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: