super.kg logo

Жалал-Абад шаарында медициналык мекемелер текшерилүүдө 

 

Жалал-Абад шаарында менчигинин түрүнө карабай медициналык мекемелер текшерилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн адистери катышты.

Текшерүү учурунда жеке менчик дарыканалар уруксат кагазы жок, өз алдынча медициналык ийне саюу бөлмөлөрүн ачып, адам ден соолугуна кооптуу жагдайларды жараткан шартта иштеп жаткандыгы маалым болду.

"Тиешелүү адистер тарабынан талапка жооп бербеген ийне саюу бөлмөлөрүнө жеринде протокол түзүлүп, жабылды. Аталган маселе орчундуу көйгөй болуп жатканын айткан адистер тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кат жолдомой болушту.

Өз алдынча ачылган ийне саюу бөлмөлөрүнүн санитардык талапка жооп бербеген шартта иштеп жатышы коомчулук арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алып келиши мүмкүн. Аныдктан, адистер жарандарды мындай жайлардан дарыланбоого жана ийне сайдыруудан оолак болууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мындай текшерүү Жалал-Абад шаарында бир ай жүргүзүлөрү, анын алкагында менчигинин түрүнө карабай бардык медициналык мекемелер текшерилери кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: