Жапаров жаңы окуу жылына ОшМПУнун жаңы корпусунун курулушун бүтүрүүнү тапшырды







Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда Ош шаарындагы Анашбек Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысына жаңы беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталганы маалымдалды.
"Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Жаңы имараттын долбоорунда майыптыгы барлар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифттерди орнотуу каралган", - деп айтылат маалыматта.
Мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, президент Жапаров имараттын курулушун 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы келечекте аталган окуу жайдан өсүп келе жаткан муунга пайдалуу билим бере ала турган жогорку квалификациялуу педагогдор чыгышын каалады.

