super.kg logo

"Ысык-Көл" аэропортуна Оштон биринчи учак келип конду

 

Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунда Ош–Ысык-Көл багыты боюнча биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда "Манас" аба майданынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июлда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.

"Салт боюнча ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Airbus A320 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. Оштон биринчи каттам менен 178 жүргүнчү учуп келсе, 180 адам Ошко учуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул багытта үзгүлтүксүз каттамдар аптасына бир жолу – жума күндөрү аткарылары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.07.2023. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо билет канча болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: