Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру башталды
Бүгүн, 31-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, документтерди кабыл алуу 31-июлда саат 08:00дөн, 2-август күнү саат 14:00гө чейин уланат.
Белгилей кетсек, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, анда 11 миң 598 арыз катталган. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга арыз берген.
Ал эми ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынган.
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz шилтемеси аркылуу ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
