super.kg logo

800 адам иш менен камсыздалат. Ошто кийим тигүүчү фабрика ишке кирет (сүрөт)

 

Жакында Ош облусунда ири индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барган.

Анда курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркынын аянты мамлекет тарабынан бөлүнгөн 5 гектар аймакты ээлейт. Ал жерде үч өндүрүш аянты, башкача айтканда, трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы ишке кирет.

Учурда аталган курулуштун 70 пайызы аяктап калган. Андагы кийим тигүүчү фабрика ушул жылдын IV кварталында ишке кирет, ал 800 жумуш орундуу жана жылына 2,1 миллион даана өндүрүш чыгарат. Долбоор 2,6 миллион долларга бааланып, тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши болсо 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. 18 миллион долларга бааланган ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат.

Ал эми жип ийрүүчү фабрикага 3,5 миллион доллар сарпталган. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жетип, 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: