super.kg logo

Бишкекте 220 таштанды аянтчасы оңдолду

 

"Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы таштанды аянтчаларын жууп-тазалоо, контейнерлерди оңдоо, сырдоо, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир райондо экиден бригада иштеп жатат. Бир айдын ичинде шаар боюнча 220 таштанды аянтчасы жана 1200дөй контейнер оңдолду.

"Таштанды аянтчаларынын толук жараксыз болушу бул таштандыларды башаламан чачууга, айлананын көркүн бузуп, ар кандай жугуштуу ооруларды жугузууга шарт түзөт. Ошондуктан ишкана биринчи кезекте таштанды таштоочу жайлардын тазалыгына жана толук иштешине көңүл бурат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: